19-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 19-мартта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз +17…+22;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз +16…+21;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +19…+21 градус жылуу болот.