19-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 19-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда түнкүсүн жана күндүз жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,

Баткенде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус болот.