19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 19-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.