2-4-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 2-февралдан 4-февралга чейин метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болот.

АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!
Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.