2 айга камакка алынган Ырыс Жекшеналиевдин үйүндө тинтүү жүргөнү айтылды (видео)

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин үйүндө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу «Башта» Telegram-каналы жазып, видео менен бөлүштү.

Видеодо тинтүү кечээ, 18-августта саат 18:20да жүргөнү айтылган.

Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.