2-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 2-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарга туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7.

Бишкек шаарында жаан жаабайт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.