2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Тоо этектеринде кар жаайт

Эртең, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +8…+10 градус болот.