2-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 2-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;

Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 градус болот.