Биздин бул жолку каарманыбыз 27 жаштагы Алмаз Курманкулов. Ал жол салуучу компанияда иштеп жатып токко урунуп, кесепетинен 2 кол, 2 бутун кестиргенин айтып, көрсөтүп берди.
“Бул окуядан кийин сүйлөшкөн кызым кабарлашпай калды. Анткен менен, протез кийип, элге аралашкым, үйлөнүп, балалуу болгум келет” дейт ал. Ал эми жол салуучу компания эмне дейт?
«Башында жолдогу кара жумушка кирдим. Таштарды терчүбүз, эмне жумуш болсо аткарчумун. 1 жылдан кийин кран айдаган байкеге жардамчы болдум. Кийин ал жумушта иштөө үчүн билим керек экенин билдим. А менде түшүнүк да жок болчу. Иштеп жүрүп, 2023-жылдын 18-октябрында ушундай окуя болуп кетти. Ошол күнү эртең менен жумушка келдим. Эки унаага парапет жүктөдүк. Айтылган жерге барып, түшүрүп баштаганда «келе жаткан жүктү кармап, түздөп тур» деди. Кармадым, ошол жерде ток урду. Титиреп барып, эс-учумду жоготтум. Турсам жол жээкте жатыптырмын.
Кочкор райондук ооруканага алып барышты. Ошол жерде 2 саат күттүм. Мени көтөрүп унаага салып жатканда денемде жан жок болчу. Сөөгү жок денедей болчу. Өрттөнүп жаткандай эле ооруп жатты. 2 саат кыйкырып жаттым. Жүрөк менен боор эт тырышып калыптыр дешти. Укол сайып уктатышты. Ал ооруканада 1 күн жаттым. Тез жардам менен Бишкекке келдим. Бишкекке келгенде дарыгерлер 2 колу, 2 буту кесилет деп эле айтышты. Оң бутумдун эти жок калган. Капкара болуп, сөөгү калган. Колдорум ыйлакча эле. Манжаларым шишип кеткен. Бир операция менен 2 колумду, андан кийин бир бутумду кесишти. Экинчи бутумду сактаганга аракет кылышты. Бирок майнап болгон жок. Кийинки бутумду 1 жылдан кийин кесишти. Себеби, дарылоодон жыйынтык болбой койду», — деди ал.
«Бизде бул жигит иштечү. Токко урунган. Биз кенемтени төлөп, чыгымдарын да бөлүп төлөп бергенбиз. Дарыланууга, операцияга жана коляскага 665 миң сом берилген. Андан тышкары, 240 миң сом айлык маяна катары төлөнгөн. Андан кийин 5 миллион 800 миң сом кенемте төлөнгөн. Эмгек келишими түзүлгөн. Ал жыл сайын узартылат. Болгон акчаны берип бүттүк. Мыйзам боюнча баардык акчаны төлөп бергенбиз», — дешти компаниядан.