Эртең, 2-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Баткен районунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Нарын облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+9, күндүз +25…+27;
Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+24;
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +8…+10 градус, күндүз +26…+28 градус болот.