2-сентябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 2-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус жогору болот.