2-сентябрда Ысык-Көлдө сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

«Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз «112» кызматына билдириңиз»,- деп айтылат маалыматта.