20-22-сентябрь күндөрү өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаашы күтүлөт

20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10°, күндүз +12…+17°; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +11…+16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +7…+12°, күндүз +15…+20°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6°, күндүз +9…+14°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.