20-22 сом. Бишкекте жол кире канча сомго кымбаттай турганы ачыкталды

Бишкекте коомдук транспорттун баасын көтөрүү боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттиги жазып чыкты.

«18 сом 70 тыйын – бир жүргүнчүнүн жол кире акысы. Эл азыр 11 сомдон төлөп жатат. Демек, өзүн актоо үчүн жок дегенде 18,7 сом болушу керек. 11 сом менен калтырсак, 2-3 жылдан кийин кайра өзүн актабаган эски автопарк, эски бузулган автобустар болот. Кандай гана бизнес болбосун кирешелүү болушу керек. Автопаркты жаңыртуу үчүн кеминде 5-10 пайыз рентабелдүүлүк болушу керек, ошондо жарандар тынымсыз жаңы автобустарга түшө алышат», — деди ал.

Анын айтымында, бул бир гана автобус менен троллейбустарга эле эмес, кичи автобустарга да тиешелүү. 1300 автобус шаарга алып келингенде акыркы кичи автобус шаардан чыгарылат. «19 сом деп сунушталган, бирок ал күйүүчү май 60 сом кезинде болчу. Азыр 65-70 сом болду. Ошол үчүн азыр 20-22 сом деген вариантты карап жатабыз. Шаарда коомдук транспорт саат таңкы 5тен кечки 12ге чейин жүргөндөй кылуу керек. Ал эми пенсиядагыларга жеңилдетүү калат», — деди ал.