20-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 20-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз +18…+20° болот.