20-апрелден 1-июлга чейин өлкөдө 236 сел катталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен келип чыккан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти.

Бообек Ажыкеевдин айтымында, 20-апрелден 1-июлга чейин 236 сел катталып, андан келтирилген чыгым 170 миллион сомдон ашык болгон. Транспорт жана коммуникациялар министри селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, ошондой эле 9 көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланганын билдирди.

Акылбек Жапаров алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана мүмкүн болуучу сел коркунучтарына даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, кооптуу аймактардын абалына мониторингди жана көзөмөлдү күчөтүү, зарыл болгон профилактикалык иштерди жүргүзүү жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн атайын кызматтардын даярдыгын камсыздоо зарыл. Мындан тышкары селдин алдын алуу боюнча конкреттүү иш-чаралар, анын ичинде коргоочу курулмаларды куруу, дарыялардын жээктерин бекемдөө, мониторинг системаларын орнотуу жана эрте эскертүү маселелери талкууланды. Акылбек Жапаров сел жүргөн учурда тиешелүү ведомстволордун жана органдардын аракеттерин координациялоону күчөтүүнү тапшырды.

МинКаб төрагасы селден келип чыккан окуяларда жана өзгөчө кырдаалдар учурунда коопсуздук чаралары тууралуу калкка маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жарандардын өмүрүнүн коопсуздугу жана бакубаттуулугу аткарылган иштердин сапатынан көз каранды экенин белгиледи.