20-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 градус жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 ысыйт.