20-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 20-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -7…-9, күндүз +4…+6;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-7, күндүз +4…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +6…+8 градус болот.