20-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 20-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк райондорунда, Нарын облусунун айрым аймактарында жаан, кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +5…+7 градус болот.