20-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 20-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +35…+37 градус болот.