20-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 20-июнда түнкүсүн түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +18… + 23, күндүз + 29… + 34

Талас облусунда түнкүсүн +12… + 17, күндүз + 26… + 31

Баткен облусунда түнкүсүн +20… + 25, күндүз + 30… + 35

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20… + 25, күндүз + 30… + 35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14… + 19, күндүз +22…+27

Нарын облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз + 24 … +29

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +31…+33.