«20 жыл ичинде 1 жолу катталган». Башкы прокуратура 21 миллион сомдук кенемте боюнча үн катты

Кечээ, 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзамга ылайык иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрүн айткан.

“Кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнө турган материалдык акы бар. Ал “акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку акы төлөнөт” деп жазылган. Ал 21 миллион 699 миң сомду түзөт”, — деген ал.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокуратура кызматкерлерине бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, нааразы болушкан.

Бүгүн, 16-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы буга тактоо киргизди. «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамына ылайык кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болсо, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес! Бул бардык эле укук коргоо органдарына, тактап айтканда УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жазаларды аткаруу кызматы өңдүү бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү. Мындай мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анан дагы, каза болгон ар бир прокуратура кызматкерлерине мындай камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилбейт. Бул бир гана учурда кызматын аткарып жатып, каза болгон кызматкерлерге гана прокуратуранын Конституциялык мыйзамына ылайык камсыздандыруу (компенсация) суммасы бир жолу төлөнүп берилет! Мындай компенсация төлөп берүү учуру акыркы 20 жыл ичинде 1 жолу катталган», — деп жазды ал.