20 күндөн кийин Кыргызстанда күйүүчү майдын тартыштыгы болушу мүмкүн

Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майларды Казакстандан темир жол аркылуу ташууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалга өтө тынчсызданууда. Бул тууралуу ассоциациянын билдирүүсүндө айтылат.

1-сентябрдан тарта “Казакстан темир жолу” ишканасы ташуучуларга расмий билдирүүсүз күйүүчү-майлоочу майлардын транзиттик жүктөрүн ташуу боюнча айлык жана кошумча пландарды макулдашууну белгисиз себептерден улам токтоткон.

«Ата мекендик нефтетрейддик компаниялар «Кыргыз темир жолу» менен биргеликте маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылып жатышат. Бирок бүгүнкү күндө октябрь айына жарыяланган пландын дээрлик бардыгын “Казакстан темир жолу” четке какты. Казакстандын аймагы аркылуу өтүүчү транзит маселеси 20 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын күйүүчү май рыногунда күйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Бул маселе эки өлкөнүн өкмөттөр аралык деңгээлинде чечилиши керек”, — деп эсептейт Нефтетрейдерлер ассоциациясы.