20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 20-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +9…+14.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы +7…+9°, күндүзгү температурасы +24…+26° болот.