20-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 20-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт.

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+8, күндүз +15…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+5 градус, күндүз +16…+18 градус болот.