Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт, тоо райондорунда кар күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Аба ырайынын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21
Талас облусу түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19
Баткен облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18
Нарын облусу түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +3…+5, максималдуу температурасы күндүз +17…+19.