20-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 20-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +14…+19;

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16;

​Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +16…+18 градус болот.