2020-жыл боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жыл боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик Салык кызматынан билдиришти.

Кезектеги декларациялык кампания эки баскычта өткөрүлөт. 2021-жылдын 1-мартына чейин юридикалык тараптар 2020-жылдагы кирешелери тууралуу салык декларациясын тапшыруулары керектелсе, 1-апрелге чейин жеке тараптардын декларациялары кабыл алынат.

Декларацияда ошондой эле тараптардын экономикалык ишмердүүлүгү, кыймылсыз мүлктөр жана жер тилкелери тууралуу маалыматтар да камтылышы керек. 2021-жылдын 1-мартына чейин ата мекендик уюмдар, ишканалар жер иштетүүчүлөр менен катар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан чет өлкөлүк уюмдар да салык декларацияны тапшырышы керек.
Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, ошондой эле патенттик негизде салык төлөөчүлөр, салык төлөнүүчү турак-жай же унаа сыяктуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылган жеке адамдар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иштеп жаткан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга тийиш.

“Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган мыйзамына ылайык, 2019-жылга карата декларацияны тапшыра албаган жарандар да ушул жылдыкын кошуп, эки жылдыкын бирге тапшырса болот”, — деп жазылат маалыматта.