2020-жылы Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 5,1 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстандыктардын акчалай кирешесинин көлөмү 425 миллионду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга азайган. «2020-жылы киши башына болгон киреше айына 5 миң 600 сомду түзүп, мурдагы жылкы көрсөткүчкө караганда 6,9 пайызга кыскарган», — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, былтыр кыргызстандыктардын кирешесинин көбү эмгек ишмердүүлүгүнөн кыскарган.