2020-жылдагы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмеси жарыяланды

2020-жылдагы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмеси жарыяланды.

Бул тизмеге кыргыз жараны Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист Гүлназ Жүзбаева да кирди. Ал мамлекеттик документтерди Брайль шрифтине өткөрүп келет. Анын командасы көзү азиз адамдарга жардам берет, ушул жылы анын программасын аяктаган 22 адамдын ичинен алтоо жумушка ийгиликтүү орношуп, экөө жогорку окуу жайга тапшырган.

Тизме BBC дүйнөлүк кызматына таандык, анда актрисалар, спортчулар, активисттер, окумуштуулар жана ырчы кыз-келиндер бар.

Кыргыз мамлекетинде 5 миңден ашуун көзү азиз адам бар.