2021-жылдын январь айында мигранттар 65,5 миллион долларга аз акча которду

2021-жылдын январында мигранттар Кыргызстанга 151, 5 миллион доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айында мигранттар тарабынан келген 151, 5 миллион доллар өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 65,5 миллион долларга аз. Бирок 2020-жылдын январь айы менен учурдагы январь айына салыштырмалуу көрсөткүч 3 миллион долларга өскөн.

Ошондой эле Улуттук банктын айтымында бул январь айында мигранттар тарабынан келген каражаттын көбү, тагыраагы 147,4 миллион доллары Россиядан (рубль менен) келген.