2021-жылга карата битир-садаганын көлөмү айтылды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2021-жылга карата битир-садаганын көлөмүн аныктады. Бул тууралуу 7-апрелде аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылы битир-садага катары ар бир адам 1,6 килограмм буудай (40 сом), мейиз (640 сом), ун (56 сом) же 3,2 килограмм арпа (64 сом), курма (512 сом) берсе болот.

Продукциялардын баасы туруктуу эмес, алардын салмагынан көз каранды. Битир-садага ушул азыктардын биринин наркына барабар сумма менен берилиши мүмкүн.