2021-жылы ымыркайларга эң көп ыйгарылган ысымдар белгилүү болду

2021-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Мухаммед жана Салиха Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларга эң көп ыйгарылган ысымдар. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Мурда кеңири тараган Умар жана Раяна деген ысымдар бир сапка түшкөн. Кыргызстанда 4537 кичинекей Мухаммед (Умардан 405ке көп) жана Салиха аттуу 3107 кыз (Раяна аттуу кыздардан 243кө көп) төрөлгөн.