2022-2024-жылдарга Кыргызстандын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Министрлер кабинетинин Кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу аталган кабинеттен билдиришти.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө алдыдагы орто мөөнөттүү багыттар боюнча фискалдык саясатты ишке ашыруунун негизги багыттарын аныктоо максатында иштелип чыккан 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору каралды.

«2020 -жылы республикада киргизилген чектөөчү санитардык -эпидемиологиялык чаралар оор экономикалык кесепеттерге алып келди. Учурда кырдаал акырындык менен калыбына келип, республикалык бюджетке түшкөн салыктын көлөмү көбөйүүдө, калкты эмдөө кызуу жүрүп жатат. Экономикалык өсүштү калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Фискалдык саясаттын сунушталган планы бул чараларды тең салмакташтырууга мүмкүндүк берет жана кризистик мезгилде бизнес структураларды да, агроөнөр жай комплексин, айыл чарбасын, энергетиканы жана өнөр жайын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт», — деди төрага.

Андан ары бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров баяндама жасады. Ал өз докладында фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун кеңири тааныштырды жана баса белгиледи.

 «Бул документтин алкагында, ошондой эле артыкчылыктуу экономикалык каржылоо үчүн бюджеттик ресурстарды тартуу, өнүктүрүү программалары, мындан сырткары бюджеттин орто мөөнөттүү божомолунун үч жылдыктан беш жылдык горизонтко өтүүсү үчүн шарттарды түзө турган турукташтыруу фондун түзүү каралууда”, — деп түшүндүрдү ал.

Талкуунун жыйынтыгында бул долбоор Кеңештин отурумунда айтылган сунуштарды жана сын -пикирлерди эске алуу менен жактырылды.

Министрлер кабинетинин башчысы Экономика жана финансы министрлигине тез арада иштелип чыккан долбоорду Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүүнү тапшырды