2022-жылдын 11 айында өлкөнүн карызына 30 миллиард сом бөлүндү

2022-жылдын 11 айында өлкөнүн карызына 30 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 10 миллиард сом бөлүндү. Мамлекеттик тышкы карызга 20,6 миллиард сом жиберилди. Жалпысынан бюджеттен 2022-жылдын 11-айына Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы карыздарына 30 миллиард сом каражат бөлүндү.