Тышкы иштер министри: «2024-жылы 305 миңден ашык виза берилди»

Узап бараткан жылы Тышкы иштер министрлиги дүйнөдөгү болуп жаткан геосаясаттагы конфликттерге жана кризистерге карабай өзүнүн көп векторлуу саясатын жүргүздү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Ал өтүп бараткан жылдагы Тышкы иштер министрлигинин аткарган иштерин айтып, айрымдарына токтолду: «2024-жылы — Бишкекте Түрк Мамлекеттер Шериктештиги саммити өткөрүлдү; 552 эл аралык келишимге кол коюлду; 3,76 миллиард доллар инвестиция жана 938 миллион доллар экспорт келишимдерине кол коюлду; 850 миңден ашык консулдук кызмат көрсөтүлдү; Сириядан жарандар кайтарылды; консулдук кызматтар санариптештирилди; 305 миңден ашык виза берилди: 6 мамлекет менен визасыз режим түзүлдү».