2024-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет

«Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Ал 2024-жылдагы жасалуучу иштерге токтолуп жатып, транспорт  жана жол тармагында аткарыла турган иштерди тизмектеди.

“Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгарылат. Түп-Кеген, Каркыра — Турук — Сары-Жаз, Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон, Нарын-Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош-Баткен-Исфана жолдорун реконструкциялоо иштери улантылат, Корумду-Балбай Баатыр автожолун реконструкциялоо иштери башталат. Кытай менен 3-альтернативдүү жол-Бедель жаңы өткөрмө пункту пайда болот. Эркештамда 4 тилкелүү “Достук-Көпүрөсү” ачылат”, — деди ал.