«2024-жылы Зардалыга жарык берилди». Энергетика министри Таалайбек Ибраев жыл жыйынтыгын чыгарды

Энергетика министрлигинин 2024-жылы аткарган иштери, жетишкендиктери тууралуу министр Таалайбек Ибраев маалымат берди.

«2025-жылы — эң чоң проектибиз Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу ишке аша баштайт. Ушул жылы ага даярдыктар көрүлдү. Көпүрө, туннель, жол салынды жана электр энергиясы менен камсыз кылынды», — деди министр.

Ал эми быйылкы жылы Токтогул ГЭСинин 3-агрегатын жана Үч-Коргон ГЭСинин 1-агрегатын ишке киргизилгенин айткан министр Орто-Токой, Папан, Бала-Саруу чакан ГЭСтери ишке берилгенин белгиледи. Андан сырткары ал CASA-1000 долбоору боюнча курулуш аяктаганын кошумчалады.

«Быйыл эки көмүр кени иштетүүгө киргизилди, 4 айыл газдаштырылды, мунайды кайра иштетүүчү завод 95%га бүтүп калды. Дагы бир жетишкендигибиз Баткендеги алыскы Зардалы айылына электр берилгени болду», — деди энергетика министри.

Маалыматка ылайык, министрлик 134 атайын техника алып, 9 административдик имарат курган.