«2030-жылга чейин Ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга же сом менен айтканда 3 триллиондон ашырабыз», деди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев III Элдик Курултайда.
Адылбек Касымалиев Курултайдын катышуучуларына Министрлер кабинетинин алдыдагы максаттарына токтолду:
* ИДПнын өсүү темпин орточо 9 пайызда кармайбыз. Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 миллард долларга, сом менен айтканда 3 триллиондун деңгээлинен ашырабыз;
* ИДПнын жан башына бүгүн эки жарым миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткиребиз;
* Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасайбыз;
* Чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50 пайызга жеткиребиз;
* Жакырчылыктын деңгээлин 17 пайызга чейин кыскартабыз;
* Кичинекей балдарыбызды бала бакчалар менен 80 пайызга чейин камтыйбыз”,- деп билдирди.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-21-декабрында Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги III Элдик Курултайдын жыйыны өткөрүлүүдө. Курултайга катышуу үчүн өлкө аймактарынан 700 делегат шайланып келген.