Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2034-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондук өтө турган өлкөнү жарыялады. Турнирди Сауд Арабиясы өткөрөт.
Беттештер өлкөнүн беш шаарындагы 15 стадиондо өтөт. Маалым болгондой, мелдеш аймактын климаттык шартына байланыштуу кыш мезгилинде өткөрүлөт. 2030-жылдагы Дүйнө чемпиондугун 6 мамлекет: Марокко, Португалия, Испания, Уругвай, Парагвай жана Аргентина өткөрөрү белгилүү болгон.
Акыркы жыйынтыкталган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2022-жылы Катарда өткөн. Финалда Аргентина менен Франциянын курамасы беттешип, Аргентина Дүйнө чемпиону аталган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram