21.12.21 кооз датасында Кыргызстанда 200дөн ашык түгөй баш кошту

Кыргызстанда 21-декабрда 217 ​​түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Декабрь айында арыз менен дал ушул датага туш болуу үчүн көптөгөн түгөйлөр кайрылышкан. Бирок 30 күн калганда тапшырыш керек болчу. Жаңы үйлөнгөндөрдүн жашаган жерине карабастан каалаган ЗАГСтан никеге турууга болот. Бардык калкты тейлөө борборлорунда нике катталып, күбөлүк берилет.