21-23-июнь күндөрү кечкисин өспүрүмдөр жүргөн бардык унаалар текшерилет

21-23-июнь күндөрү өлкө аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрү колдоруна мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрү менен аттестаттарын алышат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Ал менен кошо окууну бүткөндүктөрүн майрамдашып, жаратылыш эс алуучу жайларга, кечкисин кафе-ресторандарга жана түнкү клубдарга баруусу менен коомдук коопсуздукка каршы иштерди жасоо коркунучу бар. Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө менен унааларга болгон көзөмөлдү күчөтөт. Айрыкча кечкисин жаш өспүрүмдөр жүргөн унаалардын баарын текшеришип, .профилактикалык иш-чаралар жүргүзүшөт.