21-24-апрель күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 21-апрелден 24-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү күтүлөт.

Кар көчкү күтүлгөн ашуулар:

Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна;
207-250 чакырымдарында Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына;

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында Чоң-Ашууга, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында.