21-24-март күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Алар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
Ала-Бука – Каныш – Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымындары.