21-24-январь күндөрү кыргыз-кытай чек арасы жабык болот

Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттары 21-24-январь күндөрү жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга Кытайда жаз майрамын белгилөө себеп. «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 25-январдан тарта жанданат.

«Торугарт-автожол» бекети Кытайдан Кыргызстанга унааларды жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантып жатат.