21-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 21-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15 күндүз +19…+24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;

Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.