21-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 21-майда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Абанын температурасы: 

Чүй дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;

Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл өрөөнүндө  түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Нарында түнкүсүн +4…+9; күндүз +21…+26;

Бишкекте түнкүсүн +13…+15, күндүз +31…+33 градус ысыйт.