21-сентябрдан бери Кыргызстанда Орусиянын 3526 жараны катталган

2022-жылдын 19-сентябрынан 26-сентябрына чейин Кыргызстанда Орусиянын 4259 жараны катталган. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинен кабарлашты.

Бул мезгилде 12 миң 169 чет элдик жарандарды каттоо жүргүзүлсө, анын ичинен 4259у Орусиянын жараны катары көрсөтүлгөн. 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 9 миң 491 чет элдик жаран катталган, анын 3 143ү Орусиянын жараны. 21-сентябрдан бери 3526 Орусиянын жараны каттоодон өткөн.