22.11.22 кооз датада Бишкек шаарында 45 нике катталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен 34 нике Бакыт өргөөсүндө катталган. Кадимки күндөрү борбордогу Бакыт өргөөсүндө 10-15 азем болот. Калган нике баш калаанын райондорунда катталган.
Ош шаарындагы жаңы Бакыт өргөөсүндө 8 түгөй баш кошкон.