22.11.22 кооз датасында Бишкекте 45 түгөй баш кошту

22.11.22 кооз датада Бишкек шаарында 45 нике катталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 34 нике Бакыт өргөөсүндө катталган. Кадимки күндөрү борбордогу Бакыт өргөөсүндө 10-15 азем болот. Калган нике баш калаанын райондорунда катталган.

Ош шаарындагы жаңы Бакыт өргөөсүндө 8 түгөй баш кошкон.